3-4-февраль күндөрү кар жаап, кар көчкү түшүү коркунучу жогорулайт. Бул тууралуу Кыргыз гидрометеорология агенттигинин башчысы Зарылбек Итибаевге таянып Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө көчкүлөрдү атып түшүрүү иштери уюштурулууда. "2017-жылдын 30-31-январь күндөрүнө карата өлкөнүн көпчүлүк аймагында кардын калыңдыгы 21 сантиметрди түзсө, "Ит-Агар" станциясында 85 сантиметрди түздү. Буга чейинки жылдарга салыштырмалуу быйылкы жылдын көрсөткүчү 167 пайызга жогору болууда", - деди Итибаев.
"2016-жылдын 1-октябрынан 31-декабрына чейин өлкөнүн көпчүлүк аймагында кардын жаашы нормадан 125-190 пайызга көбүрөөк болду. Тоолордо кардын топтолушу апрель айынын башына чейин улантылат", - деп билдирди аталган агенттиктин башчысы.