Өспүрүмдөрдү өлүмгө жетелөөчү оюндарды сунуштагандардын IP-даректери өзгөрүлүп турары аныкталды

Өспүрүмдөрдү өлүмгө жетелөөчү оюндарды сунуштагандардын IP-даректери өзгөрүлүп турарын "Интернет саясатынын жарандык демилгеси” коомдук фонду аныктады. Мындан улам байланыш операторлору тарабынан техникалык бөгөт коюу мүмкүн эмес жана таасирдүү эмес.

"Өспүрүмдөрдү суицидге алып баруучу социалдык тармактардагы оюндарды ойноого чакырган "өлүм топтору" - киберэкстремизм көрүнүшү. Учурдагы абалда ата-энелерге балдарынын интернеттеги жана социалдык тармактардагы кыймыл-аракетин катуу көзөмөлгө алууну сунуштайбыз. Байланыш операторлорун жана Программалык камсыздоо жана тейлөө боюнча адистердин ассоциациясын ата-энелерге телефон жана компьютерлерде ата-энелик көзөмөл программалары боюнча консультация берүүгө атайын линия ачууга чакырабыз. Психологдор менен да иштешүүнү улантуу зарыл", - деп билдиришти фонддон.

Ошондой эле фонд Билим берүү жана илим министрлигинин иш-аракети жетишсиз экенин, окуу программаларына онлайн коопсуздугу тууралуу сабак киргизүү зарылчылыгы келгенин белгилеп, өкмөттү мындай киберэкстремизмге туруктуу чара көрүүгө чакырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
azim14
2017-02-02 10:53:17
clash of clans деген оюн да бар аябай азгырат шайтандын суроттору бар
+7
rukopashnik
2017-02-02 11:22:00
ошон үчүн балдарды спорт менен машыгууга алып барыш керек мажбурлап болсо дагы,азыр балдарына өздөрү көтөрбөгөн телофондорду алып беришет,мындайда жаш балдардан ар нерсени күтсө болот.
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан