"Тихий дом" оюнунун чуусунан кийин Бишкектеги киттердин сүрөтү сырдалды

Бишкекте Чүй менен Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишиндеги белуха (киттин түрү) жана кичинекей бала тартылган граффити сүрөтү ак сыр менен сырдалды. Өспүрүмдөрдү өлүмгө жетелеген "Тихий дом" оюну интернет ааламына тараган соң, социалдык тармактарда айтылган сүрөт илинип, "Дал келгендикпи?" деген суроолор узатылган. Бүгүн ал сүрөттүн жанында укук коргоо органдарынын кызматкерлери жүргөнү маалым болгон.

Сүрөттүн автору Сергей Келлер чыгармасынын ал оюнга эч кандай тиешеси жок экенин билдирген.

"Сүрөт 2 жыл мурун туристтик компаниянын тапшырыгы боюнча тартылган. Анын азыркы оюнга эч кандай тиешеси жок. Сүрөт туризм жана саякатты үгүттөө үчүн тартылган. Ал көк кит эмес, ал белуха", - деген өз билдирүүсүндө Келлер.

Сергей Келлердин маалыматына ылайык, сүрөттү дубалдын ээси ак сыр менен сырдатып салган.

Эске салсак, жогорудагы оюн "Көк кит" ("Синий кит") хештеги менен да ойнолот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
tuigan.
2017-02-01 23:57:39
Бул кандай оюн экен?
-1
karashire
2017-02-02 00:05:02
tuigan.,жаш балдарды олтуро турганынды,оюн
0
arzygulR
2017-02-02 00:11:03
Тообо жаканы кармай турган заман болдуго
+3
odin-takoy
2017-02-02 01:43:37
Сурот оюнга туздон туз тиешеси бар
+8
Nassa
2017-02-02 15:44:14
odin-takoy, Мен да ошентип ойлойм
+1
Sezy
2017-02-02 02:07:39
Туура, мен да ойлодум суроттун туздон туз тиешеси бар.жазылып эле турбайбы, азгырыгы.
+3
Asalim-99
2017-02-02 02:31:19
Синий кит жонундо билгенден тартып титиреп, стресс болдум...
+3
orbit89
2017-02-02 02:46:16
Бул оюн туура эле балким себепсиз олгон жаш балдар ушул оюндун айынан озунун жанын кыйып жатса керек деп ойлодум анткени инстаграмда атактуу болуп жатат менда коруп тан калдым
-3
Taku.14.02
2017-02-02 03:09:33
Кантип эле ойунга оз жанын кыйсын бул соз.да орустар унчукпай эле журотко 5 ги баласы ойноп. Кайдан скачать этип атат мен коркунучту эчтеке корбодум. Буга чейин оз омурун кыйгандар болуп эле келбеди беле ойуну жок жон эле паника.
-12
Respect.
2017-02-02 03:22:29
Taku.14.02, Орусияда 15 бала өз өмүрүн кыйды деген макаланы окубадыңарбы? Ал аюндун администраторун кармашыптыр..
+7
Taku.14.02
2017-02-02 07:11:38
Respect.,кармаса ойунду очурот элего интернететен
+5
Taku.14.02
2017-02-02 03:12:57
Буну биро капа кылган кату шылдындап же ата энеси сабап койсо керек жини менен же случайно кулап же башка вариант караш керек ойундан башка
-1
arzygulR
2017-02-02 14:36:21
Taku.14.02,
Бирок окуя эрте мн 4:30 5:00чамасында
болуп атат кобуроок ушул оюнга тиешеси
бардай
+2
Alibek-0001
2017-02-02 08:55:15
Ойнобой эле койбойбу еелки
+3
TIMON_BERKOWITZ
2017-02-02 09:25:56
Ал суроттун эч кандай тиешеси жок болчу. Шаардын коркун чыгарган эле сурот болчу. Тартылганынакоп болдуго, а бул оюн кечээ жакында эле чыкты..
-1
baltabai
2017-02-02 10:16:46
Bul Kandaicha igira
0
omka100514
2017-02-02 11:36:28
baltabai, бул оюн менин түшүнүгүм бойунча группавойго, ушул оюнга катталсаң 50 тапшырма берет экен 50 күнгө, берилген тапшырмаларды аткарганыңы сүрөткө тартын далилдеп турат экенсин, акыркы 50 күнү жеңишке жетиш үчүн өзүңдү-өзүң өлтүрүшүң керек экен, эгер өлө албасаң ошол топтогулар жардам беришет экен өлүшүңө, жок мен өлбөйм ойундан чыктым десең коркутушат экен жакындарыңы өлтүрөбүз дешип, анан корккон балдар өздөрүнө кол салышат экен, мен ушундай түшүндүм бул оюнду.
+6
Bibi2009
2017-02-02 11:09:28
Интернетсиз эле тынч жашай турган заман жакшы экен эле да)) эми буларды кантип тактап жок кылышат. Ойнобой туруп угуп эле корккондор канча,,
+4
omka100514
2017-02-02 11:20:32
Оюнга түздөн-түз эле тиешеси бар, интернеттен "игра синий кит" деп издесем толтура ушундай сүрөттөр чыкты, ушул оюнду ойногондор киттин сүрөтүн колдоруна татуировка кылып тарттырып алышат экен.
Жок кылыш керек мындай оюндарды, сүрөттөрдү, бул оюдун артынан канча ата-эне балдарынан ажырап зар какшап отурушат
+2
kg-bala87
2017-02-02 13:41:27
Бул оюнду ойнош учун эч нерсе качайтетпейсин соц тармактарына синий кит я в игре разбуди меня 4.20 деп жазасын сага оздору байланышка чыгышат задания берет мен инсаграмда бир кыз менен суйлоштум ойноп атат экен ойнобо десем коркуп атам туугандарыма асылып атышат дейт
+1
strangergirl
2017-02-02 22:45:33
Эн сонун Гана тиешеси бар да, калп эле олумуш Боло беришет... Тез аранын ичинде баарылап токтотпосок болбойт, Кыргызстанда бул оюнду ойногон оспурумдордун саны 8000(?) болуптур... Келгиле чогуу аракет кылалы...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан