Ошто улуттук оюндар боюнча спорт мектебин ачуу пландалууда

Ош шаарына спорттук мектеп ачуу пландалууда. Бул тууралуу бүгүн, 2-февралда Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Ош шаарынын спортчулары 2016-жылы түрдүү мелдештерге катышып, ийгилик жаратышты. Спортчулар 32 эл аралык турнирге, 23 республикалык деңгээлдеги мелдештерге, 24 ирет Кыргыз Республикасынын биринчилигине, 4 жолу Азия биринчилигине катышкан. Ошондой эле 1 жолу Азия биринчилигинде жана 3 Дүйнө биринчилигинде күч сынашкан. Мындан улам 2017-жылы Ош шаарында спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүү максатында ордо, тогуз коргоол, кур күрөш оюндарына өзгөчө көңүл бурулуп, спорттук комитетке караштуу улуттук оюндар боюнча спорт мектебин ачуу пландалып жатат", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынан чыккан спортчулар мелдештердин жыйынтыгында 96 алтын, 88 күмүш, 116 коло медалдарга ээ болушкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан