ЖЫЛНААМА, 2-ФЕВРАЛЬ: 110 жыл мурун улуу орус окумуштуусу Дмитрий Менделеев көз жумган

Мындан 110 жыл мурун орустун улуу химиги, илимпоз, педагог жана коомдук ишмер Дмитрий Менделеев дүйнөдөн кайткан.
Ал 1834-жылы 8-февралда Тобольск гимназиясынын директорунун үй-бүлөсүндө туулган. Гимназиядан кийин Петербург педагогикалык институтунун физика-математика факультетинин табият таануу бөлүмүнө 1855-жылы кирип, аны алтын медаль менен бүтүргөн. Эки жыл мугалимдик кесипте, 1857-жылы Петербург университетинде иштеген. 1861-жылы анын "Органикалык химия" деген китеби жарыкка чыгып, Петербург илимдер академиясынын Демидов сыйлыгына татыктуу болгон.
Жаш окумуштуунун чет өлкөлөргө иш сапарларында болушу анын өмүрүндөгү өтө маанилүү окуя болот. Ал Карлсруэде өткөн Бүткүл дүйнөлүк химиктердин съездине катышып, Дальтон атом массасы жөнүндөгү идеяны айтып чыгат. Бирок анын атом массаларын белгилөө ыкмасы туура эмес болуп, бул идея химиктердин арасында оңой менен элдешпей турган ар кандай пикирлерди туудурган. Атомдун бар экенин жокко чыгарган пикирлерди чечиш үчүн кайрадан Карлсруэде съезд чакырылып, андай атомдук окууга каршы чыккандарга катуу сокку берилет да, элементтердин салыштырмалуу атом массаларын аныктоонун талашсыз жолдору табылат.
Көп узабай эле Менделеев "Спирттин суу менен кошулушу жөнүндө ой" деген темада диссертация жактаган. Ушул илимий иштен баштап ал эриген зат эриткич менен туруксуз бирикмелерди түзө тургандыгы менен эрүүнү түшүндүрүүчү эритмелердин химиялык теориясын өнүктүргөн. 1864-1866-жылы Петербург технология институтунда иштеп, Петербург университетинин профессору (1876) болуп, Петербург илимдер академиясынын мүчө-корреспондентине шайланган.
Д.И.Менделеев 1869-жылы элементтер атом массасы жана химиялык окшоштуктарына негизделген элементтердин мезгилдик системин сунуштаган. Окумуштуунун 500дөн ашык илимий эмгектери бар, алар айыл чарбасынын экономикасына, химия, химиялык технология, физика, метрология жана башка маселелерге арналган. Улуу окумуштуу кандай гана иштин үстүндө иштебесин, бардык эмгектеринде теория менен практика үзгүлтүксүз айкалышып, анын илимий максаты өтө кең болгон. Академик Бах Менделеевдин эмгегин жогору баалап: "Химиялык физикалык, геологиялык-техникалык жана башка изилдөөлөрдө мезгилдик систем алыс жолду көрсөтүүчү жылдыз нурундай кызмат кылып келди жана кызмат кыла бермекчи", - деп айткан. Ал так өлчөөнүн техникасына, абада учуу теориясына, физикага, химиялык технологияга терең негиз салган. Илимдин негизги максаты илимий алдын ала айта билүү жана анын жетишкендиктерин иш жүзүндө пайдалануу деп эсептеген.
Физика жана химия илимдери боюнча көрүнүктүү иштерге СССРдин Илимдер академиясы ыйгаруучу Менделеев сыйлыгы бар. Москва химия-технология жана Тобольск мамлекеттик пединститутуна окумуштуунун ысымы берилген. Дмитрий Менделеевдин ысымы 1964-жылы дүйнөдөгү улуу окумуштуулардын Брижпорт университетиндеги Ардак тактасына жазылган.
2-февралга карата жылнаама.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан