Бишкекте дайынсыз делип изделип жаткан 12 жаштагы кыз табылды. Бул тууралуу бүгүн, 2-февралда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 2004-жылы туулган Элена Боскунбаева 2017-жылдын 30-январь күнү Бишкек шаарынын Вторая Линия көчөсүндөгү үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес. 1-февраль күнү милиция кызматкерлери аны Бишкектеги Ахунбаев көчөсү тараптан табышып, туугандарына өткөрүп беришкен.