Айыл жеринде орус тилин, шаарда кыргыз тилин билбегендер көбөйүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 2-февралда Жогорку Кеңеште "Бир бол" фракциясынын депутаты Улугбек Ормонов билдирди.
"Бишкек, Ош, Токмок, Кара-Балта шаарларында бир дагы кыргыз тилдүү бала бакча жок экен. Бүт бала бакча орус тилдүү. Ошол эле учурда Бишкек шаарында 95 мектеп бар, ошонун 12си гана кыргыз тилинде билим берет экен. Ал эми айыл жергесинде орус тил сабагынан мугалимдер жетишсиз. Учурда айыл менен шаардын айырмасы чоң болуп жатат. Бул маселеге Билим берүү министрлиги көңүл бурса", - деди ал.