Графикалык дизайнер Никита Тарасенко: "Жаңы 200 сомдукка Алыкул Осмоновдун элеси көзү кылый, бети көгөргөн болуп түшүрүлгөн"

Дизайнер Никита Тарасенко социалдык тармактагы баракчасына Улуттук банктын 2010-жылы жана 2016-жылы чыгарган 200 сомдук банкнотторунун графикалык сүрөтүн далил катары жайгаштырып, ага акын Алыкул Осмоновдун элеси көзү кылый болуп түшүрүлгөнүн жазган.

Ал SUPER.KG порталына: "Улуттук банк акындын элесин купюрага түшүрүүдө олуттуу мамиле жасашы керек эле. Алар жаңы 200 сомдукка А.Осмоновдун көзү кылый, анысы аз келгенсип бети көгөргөн болуп түшүрүлүп калганын моюндарына алышкан жок", - деп билдирди.

Эскерте кетсек, 2016-жылдын декабрь айында акындын 200 сомго түшүрүлгөн сүрөтүндө анын көзү кылый болуп калгандыгы айтылып, муну коомчулук катуу сынга алган.

Ал эми Улуттук банк кызуу талкууга алынган бул маселе тууралуу: "2016-жылы чыгарылган өркүндөтүлгөн 200 сом номиналындагы Алыкул Осмоновдун портретинде 2010-жылы чыгарылган IV сериядагы 200 сомдук банкноттогу элеси эле чагылдырылган. Өркүндөтүлгөн 2016-жылкы банкнотто бир гана бул портретти аткаруунун техникалык ыкмасы өзгөртүлгөн. Тескерисинче, жаңы банкноттордогу сүрөттөр даана көрүнүп, бир кыйла көркөмдөлдү", - деп билдирген эле.

Жаңы 200 сомдуктар 2017-жылдын 1-январынан тарта жүгүртүүгө чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
UlukmanKalyev
2017-02-02 17:19:08
Туурале айтат Улуттук банк кайра карап чыгышы керек Пайгамбарыбыз айткандай адамдардын кемчилдигин айтып туруу керек
+2
ekaterinburg
2017-02-02 17:44:18
Чындап эле кылый да,кыйшык да болуп калыптыр.Таяк жеген кишиге окшоп.Ондош керек,уят го...
+5
A.Alymbek
2017-02-02 19:00:28
Улуттук банкта иштегендерди кобу А.Осмоновдун ким экенини деле билбеши. мумкун
+1
altyn7776
2017-02-03 20:22:48
Уят!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан