Чаткал-Ала-Бука жолунун Чапчыма ашуусунда түнкү каттамга чектөө киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 2-февралда SUPER.KG порталына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облусундагы башкармалыгынан Абдишарип Бекилов билдирди.
"Чаткал-Ала-Бука жолундагы Чапчыма ашуусуна бүгүн, 2-февралда кечки саат 19:00дөн эртең мененки 07:00гө чейин унаа каттамына чектөө киргизилди. Аталган аймакта көчкү жүрүү коркунучу жаралууда. Аба ырайы турукташкандан кийин чектөө алынат", - деп билдирди Бекилов.
Маалыматка ылайык, учурда Чапчыма ашуусунун 38-105-чакырымдарында көчкү түшүү коркунучу бар. Күндүз Чаткал райондук жол-курулуш башкармалыгы жолду көзөмөлдөөдө.