Мындан 58 жыл мурун, 1959-жылы Түндүк Уралда 9 кишиден турган туристтик топ белгисиз себептерден улам каза болгон. Урал политехникалык институтунун алдындагы лыжачы туристтер клубунун мүчөлөрүнөн турган топту 5-курстун студенти Игорь Дятлов жетектеген. Алар 16 же 18 күндүн аралыгында лыжа менен 300 чакырымды басып өтүп Свердлов облусундагы Отортен менен Ойка-Чакур чокусун багынтууну көздөшкөн.
27-январда туристтердин сапары башталып, 31-январда бийиктиги 1079 метр болгон Холотчахль тоосуна жетишкен. 1-февралда ашууда (окуядан кийин ашууга Дятловдун ысымы берилген) токтоп, чатырларын орнотушкан. Туристтер үйгө келбегенден улам издөө иштери башталып, бир ай аралыгында каза болгон 9 адамдын жансыз денелери табылган. Кээ биринин кийимдери чечилип жылаңач болсо, кээ бири мурду канаган абалда табылган. Алардын өлүмү боюнча бир канча версия айтылганы менен, так жыйынтык чыккан эмес.
2-февралга карата жылнаама.