Ала-Бука районунда 7 мектептин окуучулары авариялык абалдагы мектептерде окушууда. Бул тууралуу бүгүн, 2-февралда SUPER.KG порталына Ала-Бука райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Чынара Турдукулова билдирди.
"Быйыл район аймагында 3 мектептин курулушун улантуу планга киргизилди. Бул мектептердин курулушу 2016-жылы башталып, бирок токтоп калган. Быйыл тиешелүү тараптар 2017-жылдын сентябрь айына мектептерди бүтүрүшөрүн айтышты. Район аймагында жалпысынан 7 мектептин абалы оор. Кулап калуу коркунучунда турат. ӨКМ 5 мектепти авариялык абалда деп чечим чыгарып берген. Ал эми калган экөөнө учурда документтер даярдалууда", - дейт Турдукулова.
Маалыматка ылайык, Ала-Бука районунда 46 мектеп бар.
Эске салсак, буга чейин 31-январда Архитектура, курулуш турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиев "жаңы объекттерди курууну планга киргизбей, быйыл бүтпөгөн 800 курулуштун 327син бүтүрөбүз" деп билдирген.