2017-жылдын 2-февралында Бишкек, Балыкчы жана Жалал-Абад жыйын пункттарында мобилизациялык резерв жыйынына кызмат өтөөгө чакырылылгандарды жөнөтүү болду. Алар 2-февралдан 2-мартка чейин Куралдуу күчтөрдүн Кургактагы аскерлеринин командачылыгынын 20636-аскер бөлүгүнүн базасында кызмат өтөшөт. Бул тууралуу Башкы штабдын басма сөз кызматы билдирди.
Ош облусунун жыйын пункттарында бул жыйынга жарандарды жөнөтүү 1-февралда болуп өттү. Мобилизациялык резерв жыйындарына жалпы 300 чакырылуучу катышат.
Жыйын 2017-жылдын 2-мартында чакырылуучуларды салтанаттуу аскердик ант бердирүү менен аларды биринчи категориядагы аскердик каттоого тургузуп, запаска бошотуу менен аяктайт.
Эске салсак, иш-чара “Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдеттери, аскердик альтернативдик кызмат жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесине ылайык өткөрүлүүдө. Мобилизациялык резерв жыйынын өткөрүүнүн максаты - өлкөнүн куралдуу күчтөрүн мындан ары комплекттөө үчүн аскерге үйрөтүлгөндөрдүн жыйынынын жылдык санын көбөйтүү.