SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Айына светке канча төлөйсүңөр?" деген тема талкууга алынууда.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Кышында 1000-1500, жайында 50-150 сомдун тегерегинде төлөйбүз".
"Мен декабрга 3380 сом төлөдүм".
"200-300 дегендер, кандай үйдө жашайсыңар? Биз кышында 1200-1900 төлөйбүз, жайында 200дүн тегереги".
"50 сомдон 150 сомго чейин иштетет экенбиз. Кээде ишенбей счётчикти карап коём, иштебей калган жокпу деп".
"Мен кышында айына 2500 сомго жагат экенмин. Жазында 300 сомдой".
"Биздин айылда 50 000-120 000 сом карызы барлар бар экен".
"Биз батирде турабыз, үйдүн ээси менен 4 үй-бүлө, баарыбызга 1 эсептегич, келген акчаны 4кө бөлөбүз. Үйдүн ээси үйүн электр энергиясы менен жылытат, январь айына 8000 сом келиптир, эми ошону 4кө бөлгүлө деп жатат. 4кө бөлгөндө 2000 болот экен, баарыбыздын жинибиз келип жатат, "1 мешке 2000 беребизби?" деп. Үй ээсинен башкасынын баары күндүз мешти өчүрүп жумушка кетишет, кечинде келип саябыз, үйдүн ээси кечке үйдө, баарын иштетет".
"Декабрда 3000 келген, январда 2600 келди, акчаны берип жатып "түтөп" кеттим го. Айла жок, кыштан аман-эсен чыгып алалы".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.