Ошто чек ара бекеттеринде кызмат өтөгөндөр кесиптик деңгээлин жогорулатышты

Бүгүн, 2-февралда Ошто "Көзөмөл-өткөрүү бекетине кол салуу болгондо жана унаа менен чек араны массалык түрдө мыйзамсыз кесип өтүү" деген теманын алкагында окутуулар болуп өттү. Бул тууралуу Чек ара кызматынан кабарлашты.

Маалыматта белгиленгендей, иш-чаранын максаты - көзөмөл-өткөрүү жайларындагы аскер кызматкерлеринин биргелешип иш алып баруусун жогорку деңгээлге көтөрүү жана чек ара бекетине кол салуу учурунда, унаа менен чек араны массалык түрдө мыйзамсыз кесип өтүүлөр катталганда башка органдар менен тыгыз иштешүүнү жакшыртуу.

Окутуулар иш жүзүндө көрсөтүлүп берилди. Ага ушул жылдын 5-январынан бери квалификациясын жогорулатуу боюнча окуган 60тан ашуун аскер кызматкери катышты. "Мындай окутуулар байма-бай өткөрүлүп турат. Бул жолу коюлган тапшырмалар толук аткарылды. Чек ара кызматынын бөлүмдөрү жана башка күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери өз ара ынтымак менен тапшырманы аткара алышты. Бул мекемелер аралык иштешүү жакшы экенинен кабар берет", - деди окутуунун жетекчиси полковник Сарлыкбек уулу Мирлан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан