Түркияда кыргыз жаштары өз өлкөсүн даңазалашты

Түркиянын Анкара шаарында 31-январда башталган "Өлкөлөрдү таанытуу жумалыгында" кыргыз жаштары өз өлкөсүн даңазалашты. Бул тууралуу Анкара шаарында билим алып жаткан магистрант Мырзахит Мырзаев SUPER.KG порталына билдирди.

"Өлкөлөрдү таанытуу программасы бир жума бою уланмакчы. Анда алты материктен келген студенттер өз өлкөлөрүн таанытышат. Эң биринчи болуп Орто Азия өлкөлөрү, башкача айтканда, Кыргыз мамлекети, Казакстан, Өзбекстан жана Азербайжандан келген студенттер өз мамлекеттерин даңазалашты. Саамалыктын максаты - дүйнөнүн булуң-бурчунан келген студенттерди ар өлкөнүн каада-салты, улуттук ыр, бийлери, маданияты, тарыхы, кооз жерлери жана башка сыймыктанчу жетишкендиктери менен кабардар кылуу", - деди ал.

Ошондой эле М.Мырзаев бул иш-чара "Түркия стипендиялары" Эл аралык стипендиялык программасынын демилгеси менен өтүп жатканын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
jake91
2017-02-02 20:59:00
Азаматсынар
+2
Nur1k
2017-02-02 22:20:39
Данк жана дунк!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан