Америкалыктар 1887-жылдан тарта ушул күнгө чейин 2-февралды Суур күнү катары белгилеп келишет. Элдик ишенимге ылайык, чээнде жаткан суур бул күнү уясынан чыгып, өзүнүн көлөкөсүн көрүп кайра уясына кире качса, анда кыш туптуура дагы 6 жума бою өз акысын бербейт экен. Эгер көлөкө жок болсо, анда жаз келип, суур өз ишин башташы керек. Элдик ишенимге ынанган америкалыктар жылдын бул убагында чээнде жаткан суурдун уйкусун бузуп, күчтөп сыртка чыгарууну али да улантып келишет.
2-февралга карата жылнаама.