Кызыл-Кыя шаарында таштанды салуучу челектер жок. Бул тууралуу бүгүн, 2-февралда SUPER.KG порталына Кызыл-Кыя шаардык мэриясынын "Тазалык" муниципалдык ишканасынын башчысынын милдетин аткаруучу Абдыкар Сапарбеков билдирди.
"Кызыл-Кыя шаарында таштанды салуучу челектер жок. Буга чейин 2002-2005-жылдары долбоордун эсебинен орнотконбуз. Андан бери эскирип, чирип, айрымдарын уурдап кетип жок болду. Быйыл 20 даана таштанды челектерин орнотууну пландап жатабыз. Шаардын аймагында таштандылар тазаланбай жатат деген туура эмес. Атайын таштанды таштоочу жайларды даярдаганбыз. Бүгүнкү күндө элдин маданияты төмөн болууда. Атайын жайга таштабай, ар кайсы жерге ыргытышат", - деди Сапарбеков.
Маалыматка ылайык, Кызыл-Кыя шаарында калаанын тазалыгын камсыздоо үчүн 15 техника, 60ка жакын кызматкер эмгектенет.
"Шаарда жумасына 2 жолу таштандыларды алып чыгуу аракети жүргүзүлөт. Ал үчүн "Тазалык" муниципалдык ишканасы шаарды үчкө бөлүп, жеке ишкерлер менен келишим түзүп иштеп жатат. Алар таштандыларды ташып чыгарууну ишке ашырышат", - деп кошумчалады Сапарбеков.
Эске салсак, окурман 31-январда Кызыл-Кыя шаарынын борбордук бөлүгүндө таштандылар чачылып жатканын билдирген.