Сасык тумоого чалдыккандардын саны 2 пайызга төмөндөдү

Сасык тумоо жана курч мүнөздөгү респиратордук вирусуна чалдыккандардын саны 2 пайызга төмөндөдү. Бул тууралуу бүгүн, 2-февралда Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

"Жума сайын өткөрүлчү мониторингге ылайык, эпидемиологиялык абал туруктуу, ооругандардын саны бир аз төмөндөдү. 2017-жылдын алгачкы айынын 3-жумасында (19.01-22.01) республика боюнча сасык тумоонун белгилери менен медициналык жардам алууга 7860 адам кайрылса, 4-жумада (23.01-29.01) 7716 кайрылуу болгон", - деп айтылат маалыматта.

Министрликтин маалыматы боюнча, ооругандар бардык облустарда катталып жатат, бирок эпидемиологиялык чектен өтө элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан