ЖЫЛНААМА, 3-ФЕВРАЛЬ: 208 жыл мурун "Үйлөнүү-үлпөт маршын" жараткан немис композитору Феликс Мендельсон төрөлгөн

Мындан 208 жыл мурун, 1809-жылы 3-февралда немис композитору Феликс Мендельсон (толук аты-жөнү - Якоб Людвиг Феликс Мендельсон) банкирдин үй-бүлөсүндө Гамбургда туулган. Музыкалык жөндөмдүүлүктөрү бала чагында эле пайда болуп, белгилүү музыкант Людвиг Бергерден билим алган. Мендельсон композитор гана эмес, пианист, дирижёр, педагог болгон. Анын бүт дүйнөгө тараган чыгармасы "Жайкы түндөгү түш" (1826) деп аталып, көпчүлүк аны Мендельсондун "Үйлөнүү-үлпөт маршы" деп аташат. 15 жашынан баштап чоң музыкалык чыгармаларды жарата баштаган. 1847-жылдын жайында композитор жакын эжесинен айрылып, акыркы чыгармасы - "Фанни үчүн Реквиемди" жараткан. Ошол эле жылы 4-ноябрда ал Лейпциг шаарында 38 жашында дүйнө салган.

3-февралга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
ali1995
2017-02-03 10:09:12
Кантип кочуруп атса болот
0
ali1995
2017-02-03 11:12:36
Алса
0
RIO2016
2017-02-04 08:41:28
ali1995,super.kg нин башкы бетинде "издоо" деген болугуно Мендельсон деп жазып издесе эле чыгат анан ал жактан кочурсо болот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан