Москвада Варшава шоссесинде жол кырсыгына кабылган Кыргыз жаранынын абалы оор, туугандары табыла элек

1-февралда Москвадагы Варшава шоссесиндеги жол кырсыгынан 1994-жылкы Кыргыз жараны жабыркап, Н.И.Пирогов атындагы №1-Шаардык ооруканага жеткирилген. Элчиликтин кызматкерине реаниматолог катуу жабыркаган К.Б. аттуу жарандын абалы оор, бирок туруктуу экенин билдирген.

"К.Б. аттуу баланын абалы оор болгондуктан, дарыгерлер ага эч кимди киргизбей жатышат. Туугандары табыла элек", - деп билдирди КРнын Орусиядагы элчилиги.

Троицк жана Новомосковск административдик аймактарынын Тергөө башкармалыгы тарабынан Орусия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин №264-беренеси (2 же андан көп адамдын өлүмүнө алып келген жол жана транспорттук каражаттарын эксплуатациялоо боюнча эрежелерин бузуу) боюнча кылмыш иши козголгону белгилүү болду.

Маселе элчиликтин көзөмөлүндө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
vip.aidan96
2017-02-03 09:24:27
Туугандары табыла элек дейсинер баланын аты жонун толук жазгылада К.Б деп койбой
+18
juma11anara
2017-02-03 09:35:33
vip.aidan96,Супер ар дайым кылмышкерди деле каза болгонду деле К.Б. же А.Ж. деп жазышат. Аларды как-будто эч ким тааныбай тургансып. Башка сайттар толук жазышат.
+14
arena2014
2017-02-03 09:25:58
К б дебей толук жазылса балким табылып калмак туугандары
+15
toolos1982
2017-02-03 09:30:11
Толук Кошулам К Б дегенди эч ким тааныбайтта,аты жонун фамилясын жазыш керек мындайда!
+10
admin_portal
2017-02-03 09:30:37
moskva007, arena2014, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
-17
baltabai
2017-02-03 09:38:03
Таабылым калсын эртерак
+3
adimyrza
2017-02-03 10:38:50
Аты жонун толук жазып койгула супер сиздер сепепчи болуп табылып калао балким
+6
strelok
2017-02-03 11:25:01
Байкуш десе бул бала да Москвага акчанын артынан келген да,аябай окунучтуу,кудайым озу колдоп жакшы болуп кетсин.ДТП болгон жерде сосуз документы болот ошол документеги фотосун чыгарыб койушбайбы РФ,жакындары тезирээк табылмак.
+3
Dastanwanted
2017-02-03 14:54:27
Т.Б Ү. С десенер каяктан табылат
+2
Azura
2017-02-03 22:40:03
Кылмышкерлер тергоонун кызыкчылыкы учун толук аты жону айтылбайт.
Ал эми бул баланын аты жону такталса туугандары бат эле табылат. Акырын угузбаса.элестеткиле энеси интернеттен билип жатканын.
0
Kroxa
2017-02-04 00:24:12
Жаман болуптур абалы оор болсо туугандарын
Эртеерек табуу керек го...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан