Транспорт жана жолдор министрлиги "Лонг Хай" жол-курулуш компаниясы менен иштешүүнү токтотпойт

Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы Жол чарба департаменти башкармалыгы жана "Лонг Хай" курулуш компаниясы Балыкчы-Корумду жолу боюнча аткарылган иштердин көлөмүн, кредиттик жана дебютордук карызын аныктайт. Бул тууралуу бүгүн, 3-февралда мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Балыкчы-Корумду жолунун курулган көлөмү, кредиттик жана дебютордук карызы текшерилгенден кийин андан ары каржылоо маселеси каралат. Учурда министрлик аталган компания менен 2017-жылдагы пландарды түзүү иштерин жүргүзүүдө. Министрлик "Лонг Хай" компаниясы менен иштешүүнү токтотпойт. Ошондой эле башка компания менен келишим түзүү аракетин көрбөйт", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, учурда Жол чарба департаменти инвентаризациялоо, аткарган иштердин сапатын текшерүүдө. Мындан сырткары жол-курулуш компаниясынын келечек пландарын текшерүүнүн үстүндө иштеп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан