Сузак районунун Кыр-Жол, Ачы айылдарында турак үйлөргө жер көчкү түшүү коркунучу жаралууда

Сузак районунун Кыр-Жол, Ачы айылдарында турак үйлөргө жер көчкү түшүү коркунучу жаралууда. Бул тууралуу бүгүн, 3-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Жер көчкү түшүү коркунучу жаралган айылдын тургундарына түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Кыр-Жол айылында 12 турак үйгө, ал эми Ачы айылында 7 турак үйгө жер көчкү түшүү коркунучу бар экендиги аныкталды. Ырыс айыл аймагынын жетекчилигине турак үйлөрдүн жашоочуларын коопсуз жерге көчүрүп чыгаруу боюнча эскертме берилди", - деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары Жалал-Абад-Балыкчы унаа жолунун 50-чакырымындагы Көк-Арт дарыясына жакын жерде жарака пайда болгон. Мындан улам жолдогу коопсуздукту, адамдардын өмүрүн сактоо максатында райондук жол тейлөө ишканасына жана Курманбек айыл аймагына эскертүү берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Abubakir05
2017-02-05 14:37:45
Ачыда менин кайын журтум бар эле.алардын уйу да коркунучтуу жерде болчу.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан