2016-жылы кооптуу табигый, техногендик процесстерге жана кубулуштарга мониторинг, божомолдоону иш жүзүнө ишке ашыруу максатында 3 миңге жакын изилдөө жүргүзүлгөн. Бул тууралуу бүгүн, 3-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин коллегиясында айтылды.
Маалыматка караганда, республика боюнча 15 727 үй-бүлө көчүрүлүүгө сунушталган. Алардын ичинен 9 миңден ашык үй-бүлө башка жакка көчүрүлгөн. Ал эми ссуда, жер тилкесин алып, бирок көчпөй жашап жаткан 2451 үй-бүлө бар. Калгандарына ссуда жана жер тилкеси бериле элек.
Айта кетсек, 2016-жылы 199 коркунучтуу метеорогиялык кубулуштар, анын ичинде 57 табигый кырсык (туман, мөндүр, катуу жаан-чачын, катуу шамал) байкалды.