Шашылыш билдирүү! Өлкө аймагында бүгүн жолдор тайгак болуп, кар көчкү түшүү коркунучу сакталат

Өлкө аймагында бүгүн, 3-февралда тоолуу райондордо жолдорго кар көчкү түшүү коркунучу сакталат. Бул тууралуу бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 3-февралда жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265-чакырымында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), 351-365-чакырымдарында (Көк-Бел ашуусу), Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 65-90-чакырымдарында жана Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 65-90-чакырымдарында кар көчкү түшүү коркунучу бар.

"Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-9-чакырымдарында, Казарман-Ак-Тал-Чат унаа жолунун 67-94-чакырымдарында (Кара-Көө ашуусу, Ийри-Суу тилкесинин 42-44-чакырымы) жана Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-92-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) жана Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун 60-68-чакырымдарында (Барскоон жана Сөөк ашуусу) кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү сакталат. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоону эскертет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан