ЖЫЛНААМА, 3-ФЕВРАЛЬ: 12 жыл мурун Кытайда дүйнөдөгү эң кымбат гезит чыккан

Мындан 12 жыл мурун, 2005-жылы 3-февралда дүйнөдөгү эң кымбат гезит Кытайда чыккан. Гуандун провинциясынын Шэнчжэн шаарында жарык көрчү "Economic Daily" гезитинин материалдары бул күнү алтын барактарга басылган. Гезиттин саны "Гүлдөгөн Кытайдын мезгили" аталып, анда Кытай Элдик Республикасынын мыйзам чыгаруу жыйынынын кийинки жылдардагы ишмердүүлүгү чагылдырылган.

Гезит "коллекциялык" жана "люкс" басылыш вариантында ар бири 36 нуска менен чыгарылган. "Коллекциялык" басылыштын ар бирине 500 грамм алтын, "люкс" басылмага 200 грамм алтын сарпталган. Гезиттин ар бир варианты 8100 жана 3500 долларга сатылган. Жыйынтыгында ал "Гиннесстин рекорддор китебине" киргизилген.

3-февралга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан