"Элдик парламенттин" мүчөлөрүнүн иши боюнча сот отуруму белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Бул тууралуу бүгүн, 22-мартта SUPER.KG порталына Дастан Сарыгулов судьянын жардамчысына таянып билдирди. Анын айтымында, отурумдун кийинкиге жылышына судьянын ооруп калышы себеп болгон.
Эскерте кетсек, 2016-жылдын май айында "Элдик парламенттин" бир канча мүчөсү кармалып, аларга карата кылмыш иши ачылган. Дастан Сарыгулов, Эрнест Карыбеков, Бектур Асанов жана Кубанычбек Кадыров "бийликти басып алууну пландашкан" деген негизде камакка алынышкан. Алар 12 жылдан 22 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Мамлекеттик айыптоо Дастан Сарыгуловду 12 жыл, Кубанычбек Кадыровду 16 жыл, Бектур Асановду 15 жыл, Эрнест Карыбековду үй-мүлкүн конфискациялоо менен 22 жылга эркинен ажыратууну сунуштаган.