Бүгүн, 4-апрелде Кыргыз өлкөсүнүн мусулмандарынын VI курултайын Аалымдар кеңешинин төрагасы Абдышүкүр Нарматов ачты. Анда Аалымдар кеңешинин чечими жана делегаттардын шайлоосу менен Кыргыз Республикасынын муфтийи болуп кайрадан Максат Токтомушев шайланды. Анын муфтий болушуна каршы болгондор жокко эсе.
"Чоң ишеним көрсөткөнүңүздөр үчүн ыраазымын. Милдетимди жоопкерчиликтүү, адилеттүү жана татыктуу аткарууга даярмын. Коомдогу тынчтыкты, адептүүлүктү сактоого бардык күчүмдү жумшайм", - деген муфтийге чепкен менен селде кийгизилди.
Курултайда муфтийдин 3 жыл ичинде аткарган иштеринин отчёту уктурулду. Мындан сырткары Текшерүү комиссиясынын төрагасы болуп Жунус Саранов шайланды. Анын талапкерлигин 19 аалымдын 10у колдоду. Ошондой эле Аалымдар кеңешинин жаңы курамы бекитилди.
Буга чейин муфтийликке Максат Токтомушев, Чубак Жалилов жана Ош, Баткен облустарынын мурдагы казысы, мугалим Ниязалы Арипов талапкерлигин койгондугу айтылган. 2-апрелде Ч.Жалилов журтчулукка видеокайрылуу жасап, өзүн муфтийликке талапкер катары көрсөтпөй турганын билдирген. Ал эми Н.Арипов талапкерлигин 3-апрелде алып салган. Мындан улам муфтийликке талапкер катары бир гана Максат Токтомушев көрсөтүлгөн.