Актёр жана режиссёр Назым Мендебаиров Кыргыз улуттук драма театрынын директору болду

Актёр жана режиссёр Назым Мендебаиров Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрынын директору болуп дайындалды. Маалыматты 10-апрелде Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы ырастады.

Айта кетсек, буга чейин аталган театрды Кыргыз эл артисти Темирлан Сманбеков жетектеп келген.

Назым Мендебаиров 1973-жылы 15-октябрда Жумгал районунун Чаек айылында туулган. Режиссёр Рысбек Жабиров менен биргеликте "Достор", жеке өзү "Кайып булак", "Дудук кыз", "Жубайлар", "Кемпир" тасмаларын тарткан. Мындан сырткары актёр катары "Кара кыз", "Чиркин өмүр", "Апамдын махабаты", "Кара жолтой", "Ысык-Көлдүн бешбармактары", "Троллейбус", "Уурунун махабаты", "Президент жана бомж" фильмдерине тартылган. Кыргызстан жаштар сыйлыгынын лауреаты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
taalay89
2017-04-10 16:21:45
Темирлан Сманбеков эле татыктуу болчу бул кызматка
-7
Aikan1966
2017-04-10 16:22:38
Орунунуз,майлуу сутту болсун,жакшы актер катары тааныйбыз
+7
bosmos777
2017-04-10 16:25:32
Эртен муну да! Экоолоп айыптаап тушурот. ) Кыргыз бийлик отургучунун талашып, журуп отот окшойт.
+5
Benazir08
2017-04-10 16:29:11
Жакшы бптур кут кылсын. Ийгилик ишиңизге
+5
Ajara_13
2017-04-10 16:32:08
Куттуктайбыз,ийгилик ишинизге
+4
Riokyrgyz
2017-04-10 16:51:13
Бул актёрду Кара жолтой деген кино аркылуу тааныгам,ошол кинону азыркыга чейин коргондон корком.аябай сурдуу,азыр деле ушул актёрду коргондо эстеп кетем.
+4
daak9191
2017-04-10 17:52:12
жакшы жакшы жанылык
+2
taalay25
2017-04-10 20:29:40
Ийгиликтер болсун
+2
Gena1
2017-04-11 09:03:12
Ийгиликтуу болсун. Ошол кызмат орун насип кылыптыр демек, бул да жараткандын каалоосу.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан