
Бүгүн, 29-апрель Бишкек шаарынын туулган күнү. Быйыл башкы калаага 148 жыл толду.
Бишкек шаары – Кыргыз өлкөсүнүн борбор шаары. Аянты 169,9 миң гектар. Калкынын саны 2025-жылга карата 1 миллион 362 миң адам. Анын 66 пайыздан ашыгы кыргыздар болсо, 23 пайызы орустар жана 1,6 пайызы уйгурлар. Мындан тышкары, шаарда татар, корей, өзбек, казак, украин, дунган, кытай жана башка улуттар жашайт.
Шаардын алгачкы күнү 1864-жылы белгиленген. Айрым маалыматтарга караганда, Бишкек шаары Саруу уруусунан чыккан Эркөбөк уулу Бута (Бишкек) баатырдын ысымын алып жүрөт.
Бишкек шаарында 4 администрациялык аймак бар:

Тарыхы
VII кылымдан баштап Бишкек калаасы Жүл шаарчасы катары таанымал болгон. 1825-жылы Чүй өрөөнүндөгү Пишпек аттуу калаа эң ири аскерканасы (гарнизон) менен кошо курулган. Ал эми 1926-жылы шаарга аскер башчы Михаил Фрунзенин аты коюлган.
1936-жылдан баштап Фрунзе шаары - Кыргыз ССРинин борбор калаасы болуп калган. Андан кийин 1991-жылдын апрелинде СССРдин Жогорку совети Фрунзе шаарынын аталышын өзгөртүү тууралуу чечим кабыл алып, калаанын аты Бишкекке алмаштырылган.
Бишкек – Кыргыз өлкөсүнүн улуттук маданиятынын борбору. Анда музыкалык жана драмалык театрлар, филармония, китепканалар, музейлер, мечиттер, көп кабаттуу турак үйлөр, бизнес борборлору, соода түйүндөрү, мейманканалар жайгашкан. Шаар жылдын бардык мезгилинде кооз көрүнүштөргө ээ.

Табигый шарты
Бишкек шаары Чүй өрөөнүнүн борборунда, Кыргыз Ала-Тоо кыркаларынын этегинде, деңиз деңгээлинен 760 метр бийиктикте жайгашкан. Климаттык шарты боюнча мелүүн. Бишкектин климаты кескин континенттик, жылдык орточо температурасы +10,2 градус болуп, эң суук мезгили январь болсо, эң жылуусу июль айы болуп эсептелет.