7 миң жаранды жумуш менен камсыздап, 30дан ашык ишкананын башын бириктирген Аю холдинги 14 жашта

Кыргыз Республикасындагы өндүрүштүн бир тарабын көтөрүп келе жаткан Аю холдингинин түзүлгөнүнө 14 жыл толду. 2003-жылы Сокулук районуна курулуп, ишке берилген завод холдингдин алгачкы кирпичи болсо, андан кийинки убакыт аралыгында ачылган өндүрүштүк ишканалардын саны 30дан ашты.

Холдингди негиздеген Шаршенбек Абдыкеримов жана анын командасы чет элден келген товарларды рыноктон сүрүп чыгарып, ата мекендик өндүрүштү өркүндөтүүнү, эл аралык рынокто туруктуу орун табууну максат кылган. Бүгүнкү күндө Аю холдинги 7 миңге жакын жаранды жумуш менен камсыздап, алардын ар бири орто эсеп менен 10-15 миң сомдон айлык алат.

“Ала-Арча, Artezian сууларын сатуу үчүн сүйлөшүүгө Катар мамлекетине жакын арада жол тартканы турам”, - деп сөзүн баштады холдингдин вице-президенти Балбак Түлөбаев. Бул аталыштагы суулар өлкөдө жогорку деңгээлде бааланып жүргөнүн кандай гана эл аралык иш-чаралар болбосун столдун үстүнө коюлгандыгынан билүүгө болот.

“Бул Меркель, Путин баш болгон президенттер ичип жаткан суулар. Албетте, президенттерге ичирүүдөн мурун суу бардык керектүү процедуралардан өтөт. Эми ушул бренддин рынок талаасын кеңейтүү аракеттери көрүлүүдө”, - дейт Түлөбаев.

Бул холдингдин бир эле тармагынын ийгилиги. Андагы 30дан ашык компаниянын өз рыногу, тиешелүү сапаты жана ийгилиги бар.

Холдингдин курамына кирген завод, ферма, ишкана, өндүрүш, чарбанын товарлары Кытай, Түркия, Вьетнам, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Ооганстан, Россия, Ирландия, Англия, Америка кошмо штаттарына экспортко чыгууда.

“Бүгүнкү күндө өлкөдө ишкерлер үчүн абдан жакшы шарттар түзүлгөн. Экономика министрлиги менен инвестиция, элчиликтер иштеп жатат. Фонддордо, Банктарда акчалар жатат. Мындан аркысы ишкерлерден көз каранды. Эл аралык стандарттарга жооп берген сапаттуу продукция чыгар, тил бил, ойлон, башты иштет да товар өндүрүп сат, ким тоскоол болот? Евразия экономикалык биримдигине, Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна мүчөбүз, 300 миллион калкы бар рынок турат, 1,5 миллиард калкы бар коңшу Кытай турат, ойлонолу, товар өндүрөлү, саталы. Азыр кыргыздар же өзүбүз жасабайбыз, жасагандарды сындаганды адатка айланткан учурда жашап жатабыз”, - деди ишкер өлкөдөгү өндүрүштү жолго коюу маселелери боюнча.

Өткөн жылдын ичинде мамлекетке 1 миллиард сом салык төгүп, экономикага бараандуу салым кошкон бул холдинг II Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна 6 млн, спортко 1 миллион доллар бөлгөн. Мындан тышкары түзүлгөндөн берки тарыхында 10дон ашык спортчуну үй менен камсыздады. Анын арасында Айсулуу Тыныбекова, Изат Артыковдор да бар.

“Биз, мекендештер бири-бирибиздин өндүрүштү, бизнести колдошубуз керек. Кыргыз тапкан акча кайра кыргызга жумшалат, ал ишкер кайра бир завод салат, эл жумуш менен камсыз болот”, - деп кошумчалады вице-президент. Ал белгилегендей, Кыргыз жеринде мындай ири холдинг азырынча жокко эсе. Көп тармактуу 50гө чукул ишкананын башын бириктирүү – эл аралык аренага кирүү максатында уюшулган.


кошулду
"Аю Холдингге" 14 жыл!
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
grace
2017-04-17 13:02:19
Кудайыма шүгүр.
-3
ady-88
2017-04-17 16:13:14
Мына ушинтип эле иштесе болот экен го. Анан каяктагы турция орусияга заводорлу сала бербей.
-3
Nur1k
2017-04-17 16:36:19
Аа жакшы, жакшы
-3
bond02
2017-04-17 16:40:44
Есть повод есть Аю!
-4
Shef87
2017-04-17 16:55:05
алькоголизимдин ачкычы
+7
Truelensk
2017-04-18 09:10:35
Кыргыз аракты аз ичсе банкрот болмок.
+5
meni_kut
2017-04-18 09:31:59
Ичкиликти айынан канча кылмыштар болуп жатат омурлор кыйылып..
+5
meni_kut
2017-04-18 09:33:41
ушу атын очкур аракты реклама кылбай эле койгулачы
+5
Truelensk
2017-04-18 09:49:40
meni_kut,мен ошону айткым келген
+1
Revolyutsiya2
2017-04-18 09:48:51
Биринчиден бул компаниянын негизги товарлары б.а.товарларынын копчулугун алкоголдук ичимдиктер тузот. Ошол ичимдиктен эч кимдин жашоосу онолуп кеткен жери жок, киреше тапкан ондуруучулор эле жыргабаса. Канчалаган авариялар, адам олтуруулор, зордуктоолор, уй-булолук жанжалдар, ажырашуулар. Ушулардын баарына алкоголдук ичимдиктер куноолуу...

Ал эми дуйнолук кочмондор оюнуна 6 миллион доллар берген болсо, ал акча бироолордун чонтогуно же хан сарайына кетти да, жашырганда эмне..
+4
barakcha
2017-04-18 09:49:19
Арам оокат...Бир куну тешип чыгат!токтоткула шайтандын ХХХ чыгарышты.Токтото албасанар реклама кылып элди азгырбагыла!
+4
AykaMer
2017-04-18 09:52:37
Андан корочу биздеги обувной заводду иштетип пайда таппайсынарбы?! Эл да иштейт,эл да кийет эле. Каяктагы аракты реклама кылып алкаштардын баарын суйунтпой...
+4
burulka1959
2017-04-18 10:30:05
Айлык орточо эсеп менен 10-15 мин деп апыртып жазып коюптур! Кайдагы 10-15 мин???? Ай, 8-9 мин десенер кудайды карап?! Аюда иштеген жумушчулардын баары билет. Жумуш жоктугунан айла жок иштеп жатышат ошол айлыкка... Болгонун болгондой эле жазгыла да апыртпай!!!
+1
Uson13
2017-04-18 10:35:16
Тоокда бир жумуртка тууп алып кечке кыйкырат милдет кылып аю менен жоргода тооко окшоп кылган иштерин милдет кылышат
+1
Asman...
2017-04-18 11:18:08
Кудайдан коркпойсуңар. ХХХ акчаңар тешип чыгат. Ушу арактын айынан канча кылмыштар болуп жатат. Күндө канчалаган адамдар силерге каргыш айтат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан