ЭЛДИК КАБАР: Базар-Коргондогу Чкалов айылында жер көчүп, көпүрөнү суу алып кетип, тургундар үчүн көчүү мүмкүн болбой жатат

Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районундагы Чкалов айылында жер көчүп турак үйлөргө жакындап калды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу окурман кабарлады.
"Буга чейин биздин айыл жогорураак жерде болчу. Ал жерден жер көчүү коркунучу жаралып, ылдыйраак жерге көчүрүлүп, мамлекет тарабынан жардам берилген. Азыркы жашаган жерибизде дагы жер көчкү болуп, элибиз топтолуп айыл өкмөткө кайрылдык. "Жер берилбейт өз алдыңарча каалаган жагыңарга көчө бергиле" деп жолго салды. Биздин айыл суунун аркы бетинде болгондуктан, айылга көпүрө менен өтчүбүз. Ал көпүрөнү айылдагылар акча топтоп салганбыз. Суу көп келип, көпүрөнү бузуп кетти. Айыл өкмөт "көчөсүңөр" деп, аны да оңдогон эмес. Ошентип бир жагынан жер көчкү, бир жагынан көпүрөбүз жок. Кантип жана кайда көчөбүз?" - деген окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

Чкаловдогу жер көчкү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Adi8928
2017-04-16 12:25:51
Жараткан озу сактасын кырсыктан
0
salimbek87.kg
2017-04-16 13:01:01
Биздин окмоттордун баарын окмот дебей эле окмот деген создун М тамгасын алып салыш керек .Бир жумуш менен барсан окмотко акча жок жер жок деп отурат дайыма.
+2
talant87
2017-04-16 13:16:26
неге окмотор акча жок дей берет анан оздорунун ишин секин бутурот беришет уйалбай
0
s.k.bakyt
2017-04-16 14:03:13
Убагында окмот кочкуло дегенде кочуш керек болчу да, туштон кийин ыйлабай!
-1
KG.Kushtarbek
2017-04-16 14:24:48
Кудай сактасн
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан