21-декабрда Анталиянын Коркутели районунун жолунан сабалып, эс-учу жок абалда табылган 21 жаштагы кыргыз кыз басып калганы менен, өзү кабылган окуяны айтып бергенге даяр эмес экенин бүгүн, 29-апрелде мекендешибиз Жаңылай Балтаева SUPER.KG порталына кабарлады.
"Ал учурда ооруканада, ооруканадан 15-майда чыгарылат. Жанында атасы жана апасы бар. Басып калды, адамдарды таанып жатат, сүйлөйт, окуяны да айтып бере албай жатат. Андыктан соттук кароо 6 айга жылдырылды. Ооруканада кыз жаткан керебеттен бөлөк бир гана отургуч бар экен. Атасы менен апасы кезектешип эс алып жатышат. Тамак да 2 кишиге эле берилет экен. "Halk" партиясынан Хамид аттуу жигит жардам берип жатат, бирок баары бир каражат маселеси оор болууда. Кыздын Орусияда агасы бар экен, ал колунан келишинче жардамдашып жатат. Ал эми жардамдашабыз деген кыргыздар учурда жокко эсе. Ооруканадан чыккыча, жардам болуп, жашай турган жай табылып калса ата-энесине жакшы болмок. Анын үстүнө адвокат да жалдап, каражат тартыш болуп жатат", - деди Жаңылай Балтаева.
Эскерте кетсек, бул кылмышка шектүү катары кармалган С.Ч. жабырлануучу кызды М.У. аттуу адамга сексуалдык кулчулукка сатып жиберген. С.Ч. "интимдик кызмат көрсөтүүчү жашыруун жай уюштурган", ал эми М.У. "адам өлтүрүүгө аракет кылган" деп айыпталган.
Сабалган М.Н. менен кабарлашып жаткан мекендештер Стамбулдагы Кыргыз өлкөсүнүн консулдугунан эч кандай жардам болбой жатканын айтышып, нааразы болушууда. Белгилей кетсек, мындай нааразычылык биринчи жолу болуп жаткан жок.