Өзгөн районундагы кырсык болгон жерде дарыгерлер тобу иштеп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, азыркы тапта кырсык болгон жерде 3 "Тез жардам" унаасы турат. Ошондой эле Өзгөн райондук ооруканасынын дарыгерлер тобу иштеп жатат. Дары-дармектер жана медициналык каражаттар жетиштүү.
Айта кетсек, 29-апрель күнү эртең менен Өзгөн районунун Заргер айыл аймагындагы Аюу айылында жер көчкү жүрүп, 7 турак жайды басып калган. Анын бирөөндө эч ким жашачу эмес, ал эми 6 турак үйдө адамдар жашаган. Алдын ала маалымат боюнча жер көчкү алдында 24 адамдын калганы айтылууда. Азыркы тапта Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун башчылыгында куткаруу иштери жүрүп жатат.