Бүгүн, 29-апрелде Биринчи вице-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өзгөн районундагы кырсык болгон жерге барды. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, Абылгазиев жер көчкү түшкөн жердеги издөө-куткаруу иштери менен таанышып, кырсыктын кесепеттерин жоюуга күч жана техника жетиштүү экенин билдирген.
Мындан сырткары жер көчкү болгон жерге президенттин кеңешчиси Икрамжан Илмиянов, Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков, КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов жана башка депутаттар барышты.
Эскерте кетсек, Өзгөндөгү Заргер айыл аймагынын Аюу айылында бүгүн эртең мененки саат 06:40тар чамасында жер көчкү жүрүп, натыйжада 7 турак үйдү басып калган. Анын ичинен 1 турак үйдө эч ким жашабайт. Алдын ала маалымат боюнча болжол менен 6 үйдө 24 жаран көчкү алдында калып калышкан.