Өзгөндө жер көчкү алдында калгандарды издөө иштери улантылып жатат. Азыркы тапта 182 куткаруучу жана 100 аскер кызматкери, Ички иштер министрлигинен 50 кызматкер, ошондой эле жергиликтүү тургундар тартылган. Андан сырткары 40 үй-бүлөнү коопсуз жайга көчүрүү иштери жүрүүдө. Ал үчүн 30 чатыр тигилди.
Эскерте кетсек, Өзгөндөгү Заргер айыл аймагынын Аюу айылында бүгүн эртең мененки саат 06:40тар чамасында жер көчкү жүрүп, натыйжада 7 турак үйдү басып калган. Анын ичинен 1 турак үйдө эч ким жашабайт. Алдын ала маалымат боюнча болжол менен 6 үйдө 24 жаран көчкү алдында калып калышкан.