Өзгөн районундагы жер көчкү жүргөн айылда издөө-куткаруу иштерине 400дөн ашуун адам тартылды

Өзгөн районундагы жер көчкү жүргөн айылда издөө-куткаруу иштери уланып жатат. Жергиликтүү тургундун SUPER.KG'ге билдиргенине караганда, болжол менен 400дөн ашык адам куткаруу иштерине тартылган. Эртеӊ менен кар жаап салгандыгына байланыштуу издөө иштерине тоскоолдуктар жаралууда.

Эске сала кетсек, 29-апрель күнү саат 07:00 чамасында Заргер айыл аймагынын Аюу айылында көлөмү болжол менен 1 миллион метр куб жер көчкү түшүп, 7 турак үйдү басып калган.

Ал эми бүгүн, 30-апрелде окурман жер көчүү коркунучунан коопсуз жайда чатырда жашаган айылдыктардын абалы оор экенин, жааган кардын айынан элдердин чатырларынан суу өтүп, электр тогу жок болгондуктан, чатырдын ичи суук болуп жатканын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
arawan
2017-04-30 12:21:06
кар жаап койсо эле тоскоолдук болмок беле издесин эрте тапсын булардын милдети да мчстин шылтоосу эле даяр мумкун тируу калгандар бар умут кылалы
0
Ulan2601
2017-04-30 12:30:34
Техника онуккон ушундай заманда Кыргызбайлар курок менен журот Кытайлардын жол курган техникаларын алып барса элди кыйнабай милион кубту качан тазалап куткарат эхх окундурот
+2
Elime
2017-04-30 12:35:13
Кайран элим чон жоготууга учурап турган убагыбыз. Кабыргабыз кайышып канчалаган мекендештерибизден айрылып отурабыз.Жаткан жеринер жайлуу болсун!Бейиштен оорун алышсын!!!!
+2
dastan_nookat
2017-04-30 13:15:23
Аллахдан суранам батырак табылып кетсин эми жакындарын жоготкондорго терен конул айтам
+1
simone
2017-04-30 15:10:51
айлаң куураган заман...эмне деп айтышымы билбей турам,Тынч бололучу элим!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан