Өзгөн районундагы ооруканада жер көчкүдөн каза болгондордун туугандарына психологдор жардам көрсөтүүдө

Ош облусунун Саламаттыкты сактоо координатору Эльмира Нарматованын айтымында, бүгүн, 30-апрелге карата Өзгөн районунун жергиликтүү ооруканасында дале жер көчкүдөн каза болгондордун туугандары, тагыраагы, 7 адам дарыланууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз борборунун консультанты Елена Баялинова жазып чыкты.

"Алардын бешөө "кырдаалдык невроз" деген диагноз менен стационардык дарыланууда. Бирөөнө "гипертониялык оору" деген диагноз коюлса, дагы бирине "геморрагиялык инсульт" деген диагноз коюлган. Учурда квалификациялык медициналык жардамга психологдордун жардамы кошулган", - дейт Елена Баялинова.

Эске сала кетсек, 29-апрель күнү саат 07:00 чамасында Заргер айыл аймагынын Аюу айылында көлөмү болжол менен 1 миллион метр куб жер көчкү түшүп, 7 турак үйдү басып калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан