Өзгөн районунун Ийри-Суу айыл аймагында жер көчкү түшүп, турак үйлөргө кооптуу абал жаралды

Өзгөн районунун Ийри-Суу айыл аймагынын Кара-Колот айылында жер көчкү түштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жер көчкү 2-майдан 3-майга караган түнү 21:10дор чамасында түшкөн. Көчкүнүн болжолдуу көлөмү 62 миң метр кубга жеткен. Жыйынтыгында 1 турак үйгө 2 метр жетпей токтогон. Ошол эле учурда сарайды бузуп кеткен.

"Жер көчкүнүн кесепетинен 6 турак үйгө коркунуч жаралган. 2 турак үйдүн жашоочулары коопсуз жайга көчүп чыгышкан. Калган 5 турак үйдүн жашоочулары бүгүн, 3-май күнү көчүрүлөт", - деп билдирди басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
jake91
2017-05-03 10:00:46
Алла сактасын тынч еле болгула
0
Kroxa
2017-05-03 13:46:07
Кочсонорчу тоого жашабай..кочку коркунучтуу журот экен Озгон боюнча канча айылга журду окмотко кайрылып туз жерге кочкуло..
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан