Криштиану Роналду спортсмендер жана эркектер арасында Instagram баракчасына 100 миллион адам жазылган алгачкы адам

Дүйнөдөгү эң белгилүү футбол жылдыздарынын бири, Португалиянын жана “Реал Мадрид” футболдук клубунун оюнчусу Криштиану Роналду Instagram социалдык тармагында 100 миллион жазылуучуларды топтогон алгачкы спортсмен болду. Бул тууралуу Британиялык Mirror басылмасы жазып чыкты.

Муну менен катар Криштиану Роналду "эркектер арасында 100 миллион жазылуучуларды топтой алган жалгыз Instagram колдонуучусу" аталды. Роналдунун кымбат баалуу унаа менен түшкөн сүрөтү эң көп каралып, көп талкууга түшкөн. Ушул эле сүрөткө 4 миллион колдонуучу "жакты" белгисин калтырган. Роналду Instagram баракчасына 1 768 сүрөт жарыялаган ал сүрөттөрдүн ар бири орточо 56,5 миң адамдын жазылуусуна себеп болгон.

Бул жаатта Роналдунун негизги атаандашы болуп каталондук “Барселона” футболдук клубунун чабуулчусу бразилиялык Неймар эсептелинет. Анын Instagram баракчасына 74 миллион колдонуучу жазылган.

Бул убакытка чейин Instagram баракчасына 100 миллион адам жазылгандар: Селена Гомес (119 миллион), Ариана Гранде (104 миллион), Тейлор Свифт (101 миллион) жана Бейонсе (101 миллион).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Kanybek121195
2017-05-05 13:33:52
Роналду футболдун тарыхында кала турган футболист. Молодец кайрымдуулук иштерин да коп кылат.Месси андай нерселерди тушундо да корбойт
+4
nemo2016
2017-05-05 14:18:29
Kanybek121195,мессинин эмне тиешеси бар бул коментариийге мессининда сага окшогон куйормандары бар кичине ойлонуп жазчы(бул менин жеке канибекге жооп бердим)
0
Mina2197
2017-05-05 14:18:19
Мен да жазылгам Роналдуга
+6
Seryi-Kardinal
2017-05-05 14:48:21
Бугатти вейрон го широн албайбы
+3
Freemankg
2017-05-05 14:52:03
Роналдо жарайсын
+3
ABIL
2017-05-05 16:57:44
Ай каныбек иним ойлонуп суйло,Мессини арстан пейил жигиттер урматташат√
-9
kalpak.kg92
2017-05-05 17:37:38
Эй олуп олдынарго
+1
tipokan
2017-05-08 00:41:31
Жарайт
0
tipokan
2017-05-08 00:42:38
1000000
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан