Бүгүн, 12-майда КСДП фракциясында депутат Жылдыз Мусабекованын журналист кызды коркутуп, мазактаганы боюнча окуянын каралуусу күтүлүүдө, бирок эл өкүлү жыйынга келген жок.
Коомчулукка Жылдыз Мусабекованын журналист Үпөл Анаркулованы телефондон абийирине шек келтирип, коркутканы жарыяланган.
Бул боюнча аталган фракциянын лидери Иса Өмүркулов SUPER.KG порталына: "Мусабекованын окуясы депутат, саясатчы катары шок кылды. Албетте, бул маселе фракциянын кезектеги жыйынында талкууланат", - деп билдирген.
Мусабекова журналистке андай сөздөрдү айтпаганын, аудиожазуу монтаж экенин айткан.