Бүгүн, 2-июнда КСДП фракциясы депутат Жылдыз Мусабекованын журналистти коркутуп, мазактаганы боюнча маселени караган жок. Буга депутаттын ооруп калганы себеп болгон.
Фракциянын лидери Иса Өмүркулов SUPER.KG порталына маселе унутта калбай турганын, депутат фракция жыйынына келсе карала турганын айтты. КСДП фракциясынын жыйынына аталган маселе каралат дегенден тарта депутат 3 жолу ооруп келген жок.
Кечээ, 1-июнда Мусабекова парламенттин жалпы жыйынына катышкан. Буга чейин дагы Жогорку Кеңештин комитеттеринин жыйындарына катышып келген.
Айта кетсек, Интернетке депутат Жылдыз Мусабекованын журналист Үпөл Анаркулованы абийирине шек келтирип, телефондон 10 эркекке салып берип зордуктатам деп коркутканы жарыяланган. Мусабекова журналистке андай коркутуу сөздөрүн айтпаганын, аудиожазуу монтаж экенин айткан. Ал эми Анаркулова аудио монтаждалбаганын, сүйлөшүү түз эле телефонго жазылганын билдирген.
Үпөл Анаркулова эл өкүлүнө тийиштүү чара көрүү боюнча президент, парламенттин төрагасы, маданият министри, регламент боюнча комитеттин төрайымына кайрылуу жасаган. Президенттин басма сөз кызматынын башчысы Алмаз Үсөнов журналисттин кайрылуусу президенттик аппаратта караларын кабарлаган. 25-майда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети бул маселени карабай фракцияга жиберген.