Белгилүү актёр Жорж Клуни 56 жашка чыкканда биринчи жолу ата статусуна ээ болду

Кечээ, 6-июнда белгилүү америкалык актёр Жорж Клуни жана адам укуктары боюнча адвокат Амаль Аламуддин алгачкы жолу ата-эне статусуна ээ болушту. Чет элдик басылмалардын билдиргенине караганда, 56 жаштагы актёрдун эгиздери 6-июнда эртеӊ менен төрөлгөн. Түгөйлөр уулуна Александр, ал эми кызына Элла деген ысым ыйгарышкан.

Белгилей кетсек, Жорж Клуни ушул жылдын 6-майында 56-туулган күнүн белгиледи.

Клуни “Тез жардам”, “Түн киргенден таң аткыча”, "Оушендин 13 досу", "Оушендин 12 досу", " Оушендин 11 досу", "Тыӊчынын балдары" жана башка кинолорунда да көрүнүктүү ролдорду жараткан.

2009-жылы Time журналынын тандоосу боюнча дүйнөнүн 100 таасирдүү адамдарынын катарына кирген. Ал актёрлуктан сырткары гуманитардык ишмердүүлүгүн активдүү жүргүзүп келет. Анын ичинде Судандагы этностор аралык кагылышты жөнгө салуу, 1915-жылдары армяндардын өлүмүн геноцид деп таануу, Гаитидеги жер титирөөдөн жабыр тарткандарга жардам берүү сыяктуу коомдук иштер бар.

Жорж Клуни 1989-жылы актриса Талия Болсамга үйлөнүп, экөө 4 жыл бирге жашашкан. Андан кийин актрисалар Рене Зеллвегер, Келли Престон, Жулия Робертс менен сүйүү мамилесин курган.

2014-жылы Клуни менен юрист Амаль Аламуддин үйлөнгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Birimdik5555
2017-06-07 11:58:01
Наристелер кут болсун,омурлуу,ден-соолугу чын болсун
0
almanbetperm
2017-06-07 11:58:45
Азаматтар
0
Hatali
2017-06-07 21:02:35
Мага да жуксун .
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан