КҮНСЕРЕП: Кыргыздын караңгылыгы тизелетип кечирим суратууга жетти

Бүгүн, 9-июнь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Нарында Борбор Азия университетиндеги окуя Кыргыз жерине коомубуздагы жагымсыз илдетти ачыктады. Окуя үстүбүздөгү жылдын 27-майында болгон. Окуу жайдын студенттери жергиликтүү жаштар менен баскетбол ойноо учурунда чатакташа кетишкен. Өчөшүп калган жаштар 8-июнда окуу жайга келип, студенттерге "тизе бүгүп, кечирим сурашсын" деген талап коюшат. Жаштардын бул аракетин жергиликтүү бийлик, милиция кызматкерлери да токтото алган эмес. Алар акыры максатына жетишет, студенттер тизе бүгүп кечирим сурашат.

Жаштардын ортосундагы өз ара чыр катары көрүнгөнү менен, бул окуянын түбү терең. Бул жаӊжал жергиликтүү бийликтин алсыздыгын, милиция кызматынын аброю жоктугу, көчө демократиясын жаңы муун кандай кабыл алып, өнүктүрүп бара жатканын көрсөттү. Жаӊжалдын жүрүшү тартылып калган тасмадан көрүүгө болот: Нарын облусунун башчысы Аманбай Кайыпов "бул жактагы видеотартууларды чыгарбайлы эч жакка, уят болот" деп жатат. Облус башчысы өлкөнүн аброюна доо кетирген мындай иш үчүн видео элге жарыя болору менен отставкага кетүүсү зарыл болчу. Жаӊжалга күнөөлүүлөрдү таап, аларды мыйзам чегинде жоопко тарттырып, мындай окуялардын башка кайталанбашы үчүн чара көрүүгө милдеттүү бийлик өкүлү өзү баш болуп окуяны жаап-жашыруунун убарасында жүрөт. Ооруну жашырсаӊ өлүм ашкерелейт деп бекер айтылган эмес, күнөөлүүлөр жазасыз калганы үчүн мындай терс жоруктар күчөп жатат. Аталган окуу жай инвесторлордун эсебинен курулуп, Кыргыз жериндеги алдынкы университеттердин бири. Заманбап үлгүдө курулуп, алдынкы технологиялар менен жабдылган окуу жайда Кыргыз жаштары менен кошо Казакстан, Тажикстан, Пакистан, Индия, АКШ жана Европа өлкөлөрүнүн жарандары билим алышат. Болуп өткөн окуяны дүйнө жүзү көрдү, Кыргыз мамлекети, кыргыздар жөнүндө кандай ойдо калды? Өлкөгө инвестор тартып, экономиканы көтөрүү керектиги айтылып келет. Экономикалык негизде гана эмес, билим берүү тармагына инвестор тартуу кыйын. Университет ачкысы келгендер 7 өлчөп, 1 кесип калышат. Облуста жогорку окуу жайдын ачылышы кошумча жумуш орундарды ачууда, дегеле заманбап үлгүдөгү университетте жеринен билим алууга мүмкүнчүлүк берүүдө. "Тизе бүгүп, кечирим сурашсын" дегени коомчулуктун кыжырын кайнатты. Атүгүл нарындык жаштардын жоругу үчүн Кыргыздын прогрессивдүү жаштары, жарандык активисттер, акыл-эстүү, билимдүүлөр студенттердин алдында тизе бүгүп, кечирим суроого даярдыгын билдирип жатышат. Ал эми терс окуялар инвестор тартмак түгүл, өлкөдөгү инвесторлорду катуу чочулатат. Албетте, күнөөлүү тарап мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте сөзсүз жазасын алышы керек, бирок аларды мыйзамдан тыш жолдор менен жазалоо ушундай окуяларда чоң уятка калтырчу, жер карата турган көрүнүш. Кыргыз мамлекетинин миӊдеген жаштары дүйнөнүн ар кайсы өлкөсүндө билим алып жүрүшөт. Аларды ошол өлкөнүн жарандары басмырлап, чөгөлөтүп кечирим суратышын Нарын, Ош, Жалал-Абад же Таластагы эч бир кыргыз каалабасы анык. Туристтик сезон алдында Кыргыз жерине келүүнү пландап жаткандарды бул окуя чочулатты. Анткени туристтер студенттерди чөгөлөткөн жарандарды Нарындан же Чүйдөн деп эмес, кыргыз деп кабыл алат...

3 аптадан кийин каникулга тараганы жаткан Жогорку Кеӊештин депутаттарын "кайда эс алабыз" деген суроо ойлондурууда. Кыргыз жеринен эс алууну, чет жерге саякаттап келүүнү каалагандар бар. Бүгүн Жогорку Кеңештин КСДП фракциясы өкмөт өкүлдөрүн чакырып, Ысык-Көлдөгү туристтик сезон тууралуу маалымат алышты. Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев Ысык-Көлдү болушунча мактап, депутаттарга "Көлгө эле келгиле" деген чакырык таштады. Облус башчынын билдиришинче, көлдүн айланасында таштандылар жок. Азырынча... Айрым депутаттар Ысык-Көлдө эс алуу Гоада же Түркияда эс алууга караганда кымбат экенин айтышып, Жылкыбаев "баалар элге жеткиликтүү" деп жооп берди.

Ысык-Көл облусунун тургундары үчүн жайкы сезон маанилүү. Туристтик сезон үй-бүлөлүк бюджетти толтуруу мүмкүнчүлүгү. Өкмөттүн маалыматы боюнча, 2016-жылы 2015-жылга караганда туристтер көбүрөөк келип, туризмден 4 миллиард 700 миң сом киреше түшкөн. Мындай тенденция жыл сайын жогору өскөнү экономика үчүн жакшы көрүнүш. Буга чейинки тажрыйба көрсөткөндөй, митингдер, мушташтар, жугуштуу оорулар тууралуу кабарлар туристтерди качырат. Былтыр Кыргыз жеринде өздөрүн милиция кызматкерлерибиз деп тааныштыргандар Орусиядан Ысык-Көлгө эс алууга келген 2 жаранды карактап кетишкен. Алардан 100 евро, 20 миӊ рубль жана 45 миӊ сомун тартып алышкан. Милиция кызматкерлери туристтердин чөнтөгүн кагып алууну көздөгөн башка окуялар дагы бар. Бактыга жараша, быйыл жазында облустан мындай терс окуялар болгон жок. Туристтердин коопсуздугун камсыздоо үчүн Ысык-Көл облусунун аймагында коопсуздукту көзөмөлдөөгө 500дөн ашуун милиция кызматкерлеринен сырткары кошумча күч катары ИИМдин атайын багыттагы 100дөн ашуун кызматкерлери тартылат. Кеп милиция кызматкерлеринин санынын көптүгүндө эмес. Өлкөгө келген ар бир туристке жетиштүү кам көрүп, коопсуздугун камсыздап, аларды кийинки жылы да өлкөгө кайтып келгидей маанайда жөнөтүү зарылдыгын мейманкана ээлери эле эмес, милиция кызматкерлери да жон териси менен сезиши керек...


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан