Балыкчы-Корумду жолу 15-июнда толугу менен асфальтталат. Бул тууралуу бүгүн, 15-июнда КСДП фракциясынын жыйынында транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов билдирди.
Ал билдиргендей, жалпы узундугу 104 чакырым Балыкчы-Корумду жолунун курулушу 2015-жылы башталган. Жол куруучулар асфальттын экинчи катмарын төшөөгө тапшырык алганын кошумчалады.
Ал эми маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Азамат Жаманкулов 17-июнда Ысык-Көл облусундагы бардык жолдорду оңдоо иштери бүтө турганын айтты.
Мындан тышкары, Азамат Жаманкулов былтыркы жылы туризмден 4 миллиард 700 миң сом киреше түшкөнүн билдирди. 2015-жылга салыштырмалуу 1 миллиард 100 миң сомго көп болду. 2016-жылы жалпы 3 миллион 800 миң чет өлкөлүк жаран келген. 2015-жылга салыштырмалуу 147 адамга аз болду.