Нарын шаарында бүгүн, 8-июнда жергиликтүү жаштар Борбордук Азия университетинин студенттерине чара көрүп берүү талабы менен акцияга чыгышкан. Бул тууралуу жергиликтүү жашоочулар билдиришти. Маалыматта белгилүү болгондой, аталган университетте Тажикстандан келип окуган студенттер менен жергиликтүү жаштардын ортосунда пикир келишпестиктер чыгып кеткен.
"27-майда БАУнун студенттери менен баскетбол боюнча таймаш өткөргөнбүз. Ага жергиликтүү студенттер жана жаштар катышкан. Таймаштан кийин сырттан келген студенттер менен жаңжал чыгып, бизге кол салышты. Конокторду сыйлайлы деп ачуубузду тыйдык. Болбосо өз жерибизде аларга башкача мамиле кылып койсок деле болмок. Бирок жарым айдан бери аларга чара көргөн эч ким болгон жок. Ошон үчүн бүгүнкү иш-чараны уюштурганбыз. Жергиликтүү бийлик эки тарапты келишүүгө чакырды. Алар бизге тизе бүгүп кечирим сурашты", - деди атын атагысы келбеген тургун.
Нарын облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат катчысы Айнура Дүйшөк кызы "окуяга чыр-чатак деп баа берүүнүн кажети жок. Эки тарап келишип, жаштарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү", - деген пикирин билдирди.
"27-майда спорттук мелдеш учурунда жергиликтүү жаштар менен БАУнун студенттери арасында сөз менен айтышуу чыгып, араздашып кетишкен экен. Алар бүгүн кайрадан көчөдөн чогулуп калышып, ошол күн боюнча маселе козгошуптур. Аларды чогултуп, жергиликтүү бийлик жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, эки тарап келишип алышты. Окуяга чыр-чатак чыкты деп баа берүүнүн кажети жок", - дейт ал.