Депутаттар туристтик сезонго карата жолдордун абалы начар болуп жатканына нааразы

Депутат Улан Примов туристтик сезонго карата жолдордун абалы начар болуп жатканына нааразычылыгын билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн, 9-июнда КСДП фракциясынын жыйынында айтты.

Анын айтымында, Транспорт жана жол министрлиги жыл сайын абалы начар жолдордун тизмесин бекитип, бирок эч кандай иш аткарбай жатат. Ошондой эле Примов Арсланбаптын жолунун абалы начар экенине токтолду.

Транспорт жана жол министри Жамшитбек Калилов Арсланбаптын жолу жакшы абалда экенин айтты. Ал эми Сары-Челектин жолундагы чуңкурларды жамоо иштери жүрүп жатканын баса белгиледи.

Депутат Кыргыз мамлекетине келген туристтер жолдордун абалы жакшы болушун каалай турганын билдирди. "Өкмөт бул маселени тез аранын ичинде чечиши керек. Жолду оңдоого каражат бөлмөйүнчө, туристтер келбейт", - деди Примов.

Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Азамат Жаманкулов былтыркы жылы туристтердин агымынын азайышынын себептерин айтты. Ал 2016-жылы 2015-жылга караганда бир аз туристтер көбүрөөк келгенин билдирди. “Кыргыз мамлекетине келген туристтердин басымдуу бөлүгүн түзгөн Орусия менен Казакстандын улуттук валюталары девальвацияга учурады. Орусияга карата жарыяланган санкциялардан кийин Сочи, Боровое сындуу бир катар ири эс алуу жайлары өнүгө баштады. Ошондой эле аба ырайы жакшы болгон жок”, - дейт ал.

Учурда фракциянын жыйынында Кыргыз Республикасындагы туристтик тармактагы абал жана жайкы туристтик сезонго даярдык маселеси талкууланып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан