Пакистанда май ташуучу унаанын жарылуусунан каза болгондордун саны 152ге жетти

Кечээ, 25-июнда эртең менен Пакистандын Пенджаб провинциясында күйүүчү май ташыган унаа жол кырсыгына кабылып, анын натыйжасында жүздөгөн адамдар каза болгондугун аталган өлкөнүн маалымат каражаттары жазып чыгышты. Окуянын күбөлөрүнүн айтымында, оодарылып калган унаадан адамдар канистраларга бензин агызып алып жатышкан. Чогулгандардын арасынан айрымдары тамеки тартып турушканда жарылуу келип чыкканы айтылууда.

Жарылуудан 152 адам каза болуп, 117си күйүктөн жаракат алган. Учурда окуя катталган аймакка чукул кырдаал абалы киргизилди. Пакистандын өкмөт башчысы Наваз Шариф окуяга байланыштуу провинциянын тургундарына көңүл айтты. Пенджаб бийлиги кырсык боюнча тыкыр иликтөө жүргүзөрүн билдирди деп айтылат маалыматта.

Өрттөн жакын жердеги бир нече унаалар жана мотоциклдер да күйүп кеткендиги айтылат.

Пакистанда кулаган унаадан төгүлгөн бензинди алып жаткан адамдар
Пакистанда май ташуучу унаа жарылып жүздөгөн адамдар каза болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Rozhulun
2017-06-26 11:11:10
Өлүм жаман көбөйдүго тооба акыр замандын белгиси болуп
+4
bond02
2017-06-26 11:28:20
Идиши жок барган бироо сигарет чегип ыргыткан го дейм.
+4
mambet25
2017-06-26 11:28:29
Супер инфонун жаны саны интернет чойросуно качан чыгат,улам карай берип коз тешилмей болду
0
admin_superstan
2017-06-26 11:35:52
mambet25, саламатсызбы? Мындан кийин гезиттин жаңы саны порталга шейшемби күндөрү чыгат.
-2
Seryi-Kardinal
2017-06-26 11:28:29
togoloktor adamdyn bawtaryby?
+1
tuki
2017-06-26 11:36:12
Адамдын пейили кетти да одарылган машинадан бензин алып
0
Jarookerjan
2017-06-26 13:34:18
Каза болгондордун куноолорун Кудайым озу кечирсин.

Негизи коопсуздук эрежелерин сактабагандар,коомдук жерлерде же шашылыш учурда тамеки тарткан адамдар барбы,жанды кашайтышат да.
+1
taku1414
2017-06-26 20:13:51
булунгондон булдургу алба деген ушул да.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан