Бүгүн, 30-июнь күнү Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда мурдагы депутат Садыр Жапаровдун соту өтүүдө. Соттук отурумдун жүрүшүндө Ысык-Көл облусунун мурдагы башчысы Эмилбек Каптагаев көрсөтмө берип, Садыр Жапаровго эч кандай доосу жок экенин айтты.
"Учурда Жапаров менен саясий душман болуп жүрөбүз. Мен Ысык-Көлгө башчы болуп барганда күн сайын митинг болуп жатты. Мени барымтага алган күнү Алматыда Тоо туризми боюнча жыйын өтмөк. Мен ошол жакка бармак элем. Бирок ал күнү митингдин айынан Казакстанга барбай калдым. Андан соң митингчилерге келип маселени чечели деп сүйлөштүк. Ошол учурда Жумабаев мени кармап туруп алды. Аңгыча атчан адамдар келип "алгыла кеттик" деп мени жулкулдатып унаага отургузуп, бензин чачышты. Мени менен отурган адам алдыда зажигалка ойноп отурду. Мен "өлгүң келип жатабы" дедим. Ал ага болгон жок. Капыстан өрт чыгып бензин чачылган чүпүрөк күйүп кетти. Дагы жакшы күйгөн чүпүрөк унаанын айнегинен сыртка түшүп калды. Окуянын жүрүшү ушундай болгон", - деди Каптагаев.
Ал эми Садыр Жапаров жабырлануучу Каптагаевге "митингди мени уюштурду деп уктуңузбу?" деп суроо берди. Каптагаев ага "мен андай сөздү уккан эмесмин" деди. Ошондой эле ал Жапаровго эч кандай дооматы жок экенин дагы билдирди.
Эскерте кетсек, 2017-жылдын 25-мартында Садыр Жапаров Казакстандан Кыргыз мамлекетине киргенде аны чек арадан УКМКнын кызматкерлери кармап кеткен. Ал "бейбаштык", "бийлик өкүлүнө карата зордук-зомбулук көрсөтүү", "барымтага алуу" жана башка беренелер боюнча айыпталууда. 26-мартта Садыр Жапаров Биринчи Май райондук сотунун чечими менен тергөө бүткүчө Бишкектеги №1-тергөө абагына камалган. 6-апрелде Бишкек шаардык соту райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. Ал эми 24-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук соту Жапаровду камакта кармоо мөөнөтүн 28-майга чейин узарткан. Бул чечимди Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган болчу.