Бүгүн, 4-июлда SUPER.KG'нин түз эфиринде Өмүрбек Текебаевдин жактоочулары депутаттын иши боюнча соттук отурум тууралуу айтып беришти.
Жактоочулар буга чейин да түз эфирде түшүндүрмө берип келишкен. Ал эми бүгүн мамлекеттик айыптоо тараптан Текебаевдин иши боюнча түшүндүрмө берүүгө прокурор Кубанычбек Бейшекеев түз эфирге келди.
Жактоочулар күбөлөр көрсөтмөлөрүн өзгөртүп, алардын көрсөтмөлөрү менен айрым фактылар бири-бирине дал келбей жатканын айтышты.
Эскерте кетсек, бүгүнкү соттук отурумда Текебаевдин айрым тарапташтары сот залынан чыгарылып, "Мегаком" компаниясынын директору Азат Базаркулов көрсөтмө берип, Талант Маматкеримов ага Текебаевге акча берилгенин айтканын билдирди.