Феликс Кулов "Маевский Текебаевге жолуктум деген 21-декабрь күнү Текебаевдин иште болбогондугун тастыктайм" деди

Бүгүн, 13-июлда депутат Өмүрбек Текебаев менен мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча соттук отурумда "Ар-намыс" партиясынын лидери Феликс Кулов көрсөтмө берди. Ал 2010-жылы 21-декабрда Текебаев жумушта болбогонун айтты.

"Көп жыл өткөндөн кийин бул убакытты эстөөгө туура келип жатат. Ошол убакта парламентте жаңы коалиция түзүлүп, “Ата Мекен” жана “Ар-намыс” оппозицияда калдык. 23-декабрда чоң жыйын болмок. Ошого чейин тактап алчу маселелер бар болчу. 21-декабрда Текебаевди издеп таппай калдык. Менин жардамчым бир канча жолу сурап, таппады. Биз оппозициялык комитет жетекчилерин, вице-спикерди дайындоого добуш берүү боюнча сүйлөшүүгө аракет кылганбыз. Ишенимдүү айта алам, Текебаев 21-декабрда жумушка келген эмес", - деди Кулов.

Эске салсак, тергөө материалдарында Текебаевдин үстүнөн арызданган Леонид Маевский Текебаев менен 21-декабрь күнү Ак Үйдүн имаратындагы иш бөлмөсүнөн (Текебаевдин Убактылуу өкмөттүн мүчөсү болуп тургандагы өкмөт үйүндөгү кабинетинен эмес) жолугуп, сүйлөшкөнүн айткан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Uragan07
2017-07-13 13:51:51
Кулов дагы эркек экен. Азаматсыз.
+12
kechirmeni
2017-07-13 14:05:16
Молодец болгонун болгондой айта бергиле, коркконунар барбы
+10
mir777
2017-07-13 14:23:13
Фелик кимден корксун. наоборот коркутат)
+2
Kuba-savai87
2017-07-13 15:16:49
Акталып кетсе экен эртереек бийлик болгон кучун жумшап атат Текебаевди камоого уят Эл коруп турат
+5
RusMos76
2017-07-13 17:52:17
Олконун оппозициялары, элим жерим деп куйгондор бириккиле!
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан